Талас районунун Манас айылында жеке ишкер Курманбаева Акжибектин кийим тигүүчү ишканасынын расмий ачылышы болду.Ачылышына облус жетекчиси Бакытбек Нарбеков,Талас районунун акими  жана “Бакубат Талас” фондунун жетекчисинин катышуусунда болуп өттү. Аталган кийим тигүүчү ишкананы жабдылоо дембилгеси  “Бакубат Талас” фондунун жана жеке ишкер Курманбаева Акжибектин өнөктүштүгүнүн натыйжасында ишке ашкан. Облус башчысы жаңы ачылган кийим тигүүчү ишкананын ачылышы менен куттуктап ийгилик каалады. Ошондой эле келечекте ири кийим тигүүчү ишканаларын ачуу мезгилдин талабы экенин айтты.Учурда 25 киши иш менен камсыз.Айлык акылары ар 10 күн сайын 5 миң сомдон 10 миң сомго чейин айлык маяна алып турушат.