«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду

ЖЧК «Альянс Алтын» тарабынан каржыланган мекеме жергиликтүү социалдык маселелерди чечүү, жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү жана инфраструктураны өнүктүрүү максатында түзүлгөн.

жылдык ишмердүүлүк

Ишкерлер менен фермерлерге 8% пайыздык насыя аркылуу колдоо көрсөтүлдү

Түзүлгөн жумуш орундары

Фонддун жаңылыктары

 

Фонддун ишмердүүлүгү

Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду 2016-жылы Талас облусунда социалдык көйгөйлөрдү чечүү, жумуш орундарын түзүүгө жана инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган максатта  түзүлгөн. Ишмердүүлүгү учурунда 756дан ашык социалдык долбоорлор бекитилип, ишке ашырылган

Бардык каражаттардын 40%

Социалдык долбоорлорго багытталат

Калган 60%

Кичи жана орто бизнес тармагында жаңы жумуш орундарын түзүүгө

Каражаттарды бөлүштүрүү

Тармактар боюнча

Билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү

Билим берүү жана мектепке чейинки мекемелер боюнча 145 долбоор жактырылып, жалпысынан 83,4 млн сом жумшалган.

Саламаттыкты сактоо жана медициналык тейлөө

Бул тармак боюнча 59 долбоор жактырылып 83,2 млн сом каражат жумшалган.

Социалдык коргоо

Социалдык коргоо тармагы боюнча 81 долбоор ишке ашырылып, 38,6 млн сом каржыланган.

Физкультура жана спорт

Физкультура жана спортту өнүктүрүүгө жалпысынан 110 долбоор каралып, 46 млн сом бөлүнгөн.

Маданият

Маданият тармагында жалпы 125 ар түрдүү долбоорду ишке ашырууга 47 млн сом жумшалган.

Инфра түзүмдөрдү өнүктүрүү тармагы

Жалпысынан инфраструктураны өнүктүрүү боюнча 63 долбоор ишке ашырылып, 77 млн сом  жумшалган.

Айыл чарбасы жана ирригация

Облустагы  айыл чарба өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында 58 долбоорду ишке ашырууга 102,6 млн сом жумшалган.

Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу

Бул багытта 49 млн сомго 26 долбоор ишке ашырылган

Административдик жана укук коргоо органдары

Укук коргоо органдарынын материалдык техникалык базаларын чыңдоого  жалпы суммасы 65 млн. сомго 70 долбоор ишке ашкан.    

Өндүрүш, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармагы боюнча

Өндүрүш жана кайра иштетүү өнөр жайы боюнча 14 долбоорго жалпысынан 121 млн сом каржыланган.

Туризим

Туризмди өнүктүрүү багытында 5 долбоорго 2 970 000 сом бөлүнгөн