2023-жылыдын январь айынан тарта Талас мамлекеттик университетинде iFellow компаниясы тарабынан окутулуп жаткан “Прогаммалык камсыздоону тестирлөө” («Тестирование прграммного обеспечения») багыты боюнча окутуу жыйынтыкталды. Бул кыска мөөнөттүү 2 айлык курс «Альянс Алтын» компаниясы менен Россия мамлекетинин iFellow компаниясынын долбоорунун алкагында келишим түзүлүп, Талас областындагы IT-тармагы боюнча пилоттук программасы студенттердин кесиптик билимин жогорулатууга жана келечектеги IT-адистерин даярдоого көмөк көрсөтүү максатында ийгиликтүү ишке ашты. Бүгүнкү күндө тандалып алынган 15 студенттин ичинен 11 окуучу ийгиликтүү аяктап эл аралык сертификатка ээ болушту. Окутуучулар студенттердин аракетчил жана жигердүү экенине баа беришип, мындай потенциалы күчтүү окуучулар менен көптөн бери жолуга элегин билдиришти.Ал эми тандалып алынган эң алдынкы өзгөчөлөнгөн окуучулардын бири Кудайбергенов Ислам жана Амангелдиев Эмиржан менен iFellow компаниясы аркылуу жакынкы аралыкта кызматташууга шарттар түзүлөт. Калган окуучулар алган сертификатынын негизинде Кыргызстан ичинде өздөрүн сунуштап иш алып барууга мүмкүнчүлүктөрү бар экенин билдиришти. “Альянс Алтын” компаниясы жана «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду мындан ары учурдун талабы болгон IT-тармагын өнүктүрүүгө жана студенттердин билимин жогорулатууга ар тараптуу салымдарын кошо берет.
Свежие комментарии