Талас облусунун Беш-Таш айыл аймагында темир-бетон заводу ишке кирди. Заводдун ачылышына мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун онлайн режиминде старт берди.

Ишкананын кубаттуулугун көбөйтүүгө “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан 20 млн сом акча каражаты бөлүндү.

Ишкана учурда курулушка керектүү инерттик материалдарды өндүрүүдө. Курулуш материалдары өрөөндөгү мектеп, бала бакча жана мамлекеттик ипотекалык үйлөрдү салууда колдонулууда.

Ишкана үч багытта иш алып барат. Таш майдалоочу заводдо кум, шагылдын түрлөрү өндүрүлөт, бетон заводунда латоктор, ирригация тармагына керектелүүчү материалдардын түрлөрү чыгарылат жана темир заводунда курулушка керектелүүчү инерттик материалдар жасалат.

Бетон заводу саатына 60 куб, таш майдалоочу заводу 100 тонна кубаттуулукка ээ болсо ал эми темир заводу 1 күндө 45 даана темирдин түрүн чыгарууда.

Ишкананын аянты 8 га 70 сотыхты түзөт. 35 жумушчу оруну пайда болуп, райондун жергиликтүү тургундары иш менен камсыз болгон.