11-сентябрь күнү Талас шаарынын Э.Кутманалиев атындагы стадионунда «Арашан» эт жана май багытындагы койлордун көргөзмөсү болуп өттү.Көргөзмөгө Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев ,Президенттин Талас областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана шаар мэринин катышуусунда болду.
Талас облусунан 300 гө жакын «Арашан» породасындагы кой баккандар келген алар өзүнүн короосундагы эң көрүнүктүү кой, кочкорлорун алып келип көргөзмөгө катышкан.
«Арашан» породасындагы койлор стандартына жараша баасы кымбат болот.
2 айлык козуларынын салмагы 45 кг чыгып жөнөкөй койдон салмагы жогору болот.Баалары атайын стандарт менен бааланат.Баш сөөгүнүн түзүлүшү,кулагы, жүнү, көкүрөгү, өңүнө жараша болот.Боюу канча узун болсо, ошончо бааланат.Ушул стандарттын баарына төп келген кочкордун ээси баасын каалагандай коюп соодалашат.
Бүгүн көргөзмөгө келген койлордун салмагы 150 кг чейин болуп, баасы 3 миң доллардан 7 миң долларга чейин бааланган.Өтүп жаткан «Арашан» тукумундагы койлордун көргөзмөсүндө эки тиштүү (1 жаштагы) кочкорлордон жогорку салмактар арасынан биринчи оорунду Талас районунан келген «Босс» аттуу кочкор 149 кг салмак берип, бою 98 см түзгөн.
Кочкорлордун арасындагы жарышта бою боюнча «Империя» аттуу кочкор 1 метр 5 сантиметр менен биринчи оорундуу ээледи. салмагы 175кг түзгөн.
Оор салмактан Кара-Буура районунун Көк-Сай айлынын тургуну Раманкулов Эрландын «Шоколад» аттуу кочкору, 181 кг салмагы менен биринчи орунду ээледи..
Ал эми уюштуруучу топко кошумча демөөрчүлүк катарында “Бакубат Талас “ фонду колдоо көрсөтүп көргөзмө жогорку деңгээлде болуп өттү.