13-сентябрда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен жана “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Талас токоюна 11 чакырым жөө саякат уюштурулду.
Жөө жүрүшкө облус башчысы Эрмат Джумаев баштаган жетекчилер, кызматкерлер, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев, экология жана туризм тармагындагы активисттер, туристтик компаниялардын өкүлдөрү жана токой чарбанын кызматкерлери катышты.
Жөө жүрүштүн катышуучулары алгач Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадионго чогулуп, көнүгүү жасап, даярдыктан өтүштү. Андан соң токойду аралап, кылым карыткан бак-дарактарга күбө болушуп, сейрек кездешүүчү өсүмдүктөрдү жана дарылык касиети бар жапайы мөмөлөрдү жеринен көрүштү .
Жүрүштүн эң маанилүү учурларынын бири – байыркы доорлордун үнүн сактап калган Текапкет шаар чалдыбары болду. Катышуучулар тарыхтын изи менен саякаттап, Таластын көп кырдуу маданий мурасына күбө болушту.
Жөө жүрүш Айчүрөк апанын чынар багына чейин уланды. Анда улуттук мурастын улуу салты – Манас айтуу жана дастан айтылды. Бул көрүнүш саякатка өзгөчө көрк берип, катышуучуларга руханий азык тартуулады.





Свежие комментарии