Талас шаарынын тургундарын жаңы жумушчу орундары менен камсыз кылуу жана Талас шаарынын аймагындагы өнөр-жай кайра иштетүүчү ишканаларын түзүү максатында «Бакубат Талас»фонду жеке ишкер Осмоналиев Самардын кийим тигүүчү ишканасын ачуу боюнча долбоорун колдоп кайтарымдуу каражатын бөлүп берген.Жаңы ачыла турган ишканада 40 адам жумуш орундары менен камсыз болот.