Талас шаарынын тургундарын иш орундары менен камсыз кылуу жана Талас шаарынын аймагындагы өнөр-жай кайра иштетүүчү ишканаларын көбөйтүү максатында «Бакубат Талас»фонду жеке ишкер Осмоналиев Самардын Бердике Баатыр к.178 дарегинде жайгашкан кийим тигүүчү ишканасын ачууга колдоо көрсөтүп, алгачкы иштери башталып, жумушчулар кабыл алынууда.Алдыда жумушчулардын санын 63 кишиге чейин көбөйтөөрүн билдирди.