Асанбекова Хадиранын  “Nur&Datka” бала бакча ачуу боюнча долбооруна колдоо көрсөтүп “Бакубат Талас” фондунан 1 млн.сом кайтарымдуу  каражат каралган.Хадира жолдошу экөө алгач Стартап Бизнесин баштап бала бакча куруп баштаган.Бүгүнкү күнгө чейин өздөрүнүн чогулткан каражатына имаратын тургузушуп , бирок ички жасалгалоо иштери токтоп калган.Азыркы тапта ички ремонттору жасалып жылуулоо иштери жүрүп жатат.Октябрь айларынын аягында толук бүтүп ишке берилгени турат.Бала бакча 80 оорундук.15 адамды жумуш менен камсыздайт. Ошондой эле ”Бакубат Талас” фонду аркылуу 5 баланы (жетим, жарым жетим ,аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдарына) акысыз бекер окутушат.