2021-жылдын 29-август күнү Талас районунун «Суусамыр-Талас-Тараз» унаа жолунун 69 чакырымында жайгашкан райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык пункту ачылды. Бул иш-чаранын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакпаев жана Бекмолдо айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынын катышуусунда болуп өттү.
Министр Улан Ниязбеков “Бакубат Талас” өнүктүрүү фондуна Талас милициясына кошкон салымы, көрсөткөн жардамы жана кызматташтыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Себеби, кылмыштуулук менен күрөшүүдө милициянын ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында Альянс -Алтын компаниясы негиздеген “Бакубат Талас» фонду аталган милициянын аймактык пунктунун курулушуна керектүү каражатын бөлүп берген. Бул аймактык пункт күнү-түнү иштеп Бекмолдо, Айдаралиев жана Осмонкулов айыл аймактарынын калкынын коопсуздугун камсыздайт. Бул пунктта милиция кызматкерлери күнүгө иштеп, өздөрүнө ыйгарылып берилген кызматтарын аткарышат.
Свежие комментарии