КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Талас районунун Ак-Сай айылындагы №110 кесиптик техникалык окуу жайында учурда 300 бала билим алат.Окуу жайдын жатаканысынын жылытуу системалары жараксыз абалга келгендигине байланыштуу, заманбап жылытуу системаларын киргизүүдө жана материалдарын сатып алууда «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 950 миң сомго колдоо көрсөттү.Буга чейин фонд тарабынан окуу жайдын тамактануучу жайынын чатырын жана ички ремонт иштерин жасоодо 460 миң сом бөлүнгөн. Жалпысынан 2022-жыл ичинде Билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү тармагында 12,1 млн сомго 26 долбоор ишке ашкан.