Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын тапшырмасынын негизинде , Талас облусунун төрт районуна мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн кызматтык турак үй куруу иштери жүрүүдө.Талас районуна 5 үй , Талас шаарына 6 үй , Бакай-Ата районуна 5 үй, Кара-Буура районуна 5 үй, Манас районуна 5 үй. Жалпы 26 үй курулууда . “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан курулган үйлөрдүн канализация иштери , таза суу, электро жабдыктары, тосмо жана брусчатка төшөө иштерин колдоодо фонд тарабынан жалпы 26 үйгө 5 813 980 сом каражат бөлүндү.Бүгүнкү күндө Талас шаарынын А.Оторбаев жана О.Алдашүкүров көчөлөрүнүн түндүк-батыш тарабынан Талас шаарына 6234,9 м2 , Талас районуна 4647,4 м2 жер участогу бөлүнүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн кызматтык турак үй куруу үчүн мөөнөтсүз пайдаланууга акысыз берилген.Азыркы тапта курулуш иштери аяктап, канализация, таза суу, электро жабдыктарын орнотуу жана абаттоо иштери жүрүп жатат.
Талас облусунун төрт районуна мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн кызматтык турак үй куруу иштерине 5,8 млн сом бөлүндү.
от Жуманазарова Бектура | 17 мая, 2023 | Без рубрики | Нет комментариев
Свежие комментарии