«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Талас облусу боюнча саламаттыкты сактоо тармагында алгылыктуу иштерди жасап келүүдө.Бүгүнкү күндө Талас облустук эмгек ардагерлерин жана майыптарды дарылоо реабилитациялоо ооруканасына 2 млн сомго долбоорлорун колдоп берди.Анда жараксыз абалдагы айнек эшиктерин, пластикалык жана брондолгон эшиктерге жаңыртуу иштери жасалды.Суу саркынды топтоочу жайын курууда жана эшик алдын брусчаткалоо долбоорлору фонд тарабынан колдоого алынган.