Манас районунун КАДАСТР мамлекеттик мекемесинин техникалык базасын чыңдоо максатында “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан долбоор колдоого алынып, заманбап үлгүдөгү ( 2 компьютер , 2 түстүү принтер 3в1 ) алынып берилди. Бүгүнкү күндө КАДАСТР мекемелеринин маалымат базасы компьютердик каражаттарда түзүлөт. Жаңы алынган оргтехникалар калкты тейлөөдөгү сапатынын жогорулашына о.э оптимизациянын жана иштин эффективдүүлүгүн жогорулатат.