Талас облусунун Манас районундагы кыргыз,казак чек арасына чектеш жайгашкан аймак катарында Кызыл-Жылдыз айылындагы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун жугуштуу оорулар бөлүмү капиталдык ремонттон өтүп бүгүнкү күндө ишке берилди.Бул имарат 1970-жылы курулган, акыркы  15 жылдан бери кароосуз калган. “Альянс Алтын” компаниясынын алдындагы “Бакубат Талас” фондунун колдоосу менен заманбап талаптарга ылайыктуу ички жана тышкы ремонт иштери жасалып жалпы 7,1 млн. сом жумшалган.Учурда 26 койка орун ачылып 10 медицина кызматкери иш оорундары менен камсыздалды.https://fb.watch/9V67BMnICz/