Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал кирпич заводу менен «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун ортосунда түзүлгөн социалдык милдеттендирме келишиминин негизинде Кең-Арал айылындагы жаңы конуштагы көчөлөргө трансформатор орнотулду.Буга чейин эски трансформатордун айынан 60тан ашуун үйгө токтун кубаттуулугу толук жетпей көгөй жаратып келген.Азыркы учурда 260 кВА жаңы трансформатор орнолуп толук кандуу ишке кирди.

Эске сала кетсек буга чейин «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду аркылуу Кең-Арал кирпич заводун курууда 5,5 млн.сом кайтарымдуу негизде бөлүнүп берилген.Анын негизинде жеке ишкер аркылуу социалдык милдеттендирме келишими түзүлүп милдеттерин аткарууда.Буга чейин заводтон чыккан кирпичтерден ошол эле айылдагы бала бакчага 7 миң бышкан кирпич жана трансформатор алынып берилди.