Кара-Буура районуна караштуу Бакыян айыл өкмөтү тарабынан жеке ишкер Базарбаева Гүлмира дүйнөлүк “Азык-Түлүк” программасына долбоор жазып,Жапон элинин финансылык колдоосу менен 1,7 млн сомго төө бурчак жана жергиликтүү мөмө жемиштерден жасалуучу продукцияга жабдыктар алынып келинген.Цехти толук кандуу кубаттууулукта иштетүү үчүн жетишпеген айрым жабдыктарын сатып алууда “Бакубат Талас” фондунан 200 000 сом кайтарымдуу каражаты бөлүнгөн.Алсак компрессор, автоклав аппаратына таза суу куйууга фильтр жана даярдалган продукцияны тангактоочу аппарат сатылып алынган.Аталган цех ишке берилип бүгүнкү күндө туруктуу 13 адам иш менен камсыз болгон.Ал эми сезон учурунда 20 адамга чейин иш оорундары түзүлөт.Цех күнүнө 250-300 литр тоо буурчак,мөмө жемиш пасталарын чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар.Бир айда 6 тоннадан ашык продукция чыгара алат, өндүрүлгөн азык Казакстан, РФ жана ички базарга чыгат.Бакыян айылындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жумушка алынган жана жергилүктүү айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардамдар каралган.Ал эми Жапон малекетинин JICA программасынын “Бир айыл-бир продукт” долбоору продукцияларды чыгарууга жана цехтеги иштеген жумушчуларга окутуу жагын уюштурууга жардамдарын берип келет.