Талас облусундагы 2029 аскер бөлүгүнүн күжүрмөн күнүмдүк кызматын жакшыртуу максатында , стратегиялык объектилерди коргоо жана террордук коркунучтардан сактанууда аскер бөлүктүн тегерегин курчоодо о.э “Чоң-Капка “ авто жол көзөмөлдөө өткөрүү жайын реконструкциялоо иштерин жасоо долбоорун колдоп “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду жалпы 2,3 млн сом каражат бөлгөн.

Анда “Чоң Капка” авто жол көзөмөлдөө өткөрүү жайын жасалгалоодо заманбап үлгүдөгү стелланы курууга , чек-аранын кире беришиндеги структуралык арканын эки бетине жазууларды орнотууда о.э күн батыш тарабындагы 81 метр жерине тосмо орнотууда колдоолор көрсөтүлгөн.