Талас шаардык ички иштер башкармалыгына шаарыбыздын аймагындагы коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, ар кандай укук бузууларды алдын алуу боюнча шаар аймагындагы 102 кызматына чакырууларга оперативдик топ чыгуу үчүн, буга чейин 2008-жылы чыгарылган “УАЗ-390902” үлгүсүндөгү автоунаасынын иштетилүүчү мөөнөтү өтүп,эскилиги жеткендигине байланыштуу Талас шаар ичиндеги чакырууларга өз убагында жетпей Талас шаарынын жашоочуларынан нааразычылыктар болгон.Акыркы бир жыл ичинде 2115 чакыруу катталган, ал эми күнүнө 102 ге кеминде 10 жарандан чакыруулар келип түшөт. Жогорудагы маселелердин негизинде Талас ШИИБнүн нөөмөт бөлүмүндө суткалык нөөмөттө турган тергөө тобун ар кандай 102 чакырууларына өз убагында жетүү үчүн “Альянс- Алтын” компаниясынын алдындагы “Бакубат Талас” фонду тарабынан “Степ вагон” үлгүсүндөгү автоунаасын материалдык жардам катарында алып берди.
Элдин коопсуздугу үчүн «Бакубат Талас» фонду Талас ШИИБне кызматтык уна сатып берди
от Жуманазарова Бектура | Апр 13, 2022 | Без рубрики | Нет комментариев
Свежие комментарии