Элди арзан көмүр менен камсыздоо максатында КРнын Президентинин Талас облусунундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгү менен “ Альянс Алтын” компаниясынын алдындагы “Бакубат Талас” фонду менен биргеликте Талас облусуна арзан көмүр жеткирүү боюнча алгачкы рейстери келип түштү.Облус жетекчисинин айтымында Кара-Кече көмүрүнүн баасы 4000 миң сомдон,ал эми Казакстандын Кара-Жыра көмүрүнүн баасы 6500 сом болоорун билдирди.
Бүгүнкү күндө келип жаткан көмүрдүн баасы өзгөрүүсүз апрель айына чейин ташылып келе бермекчи.Андыктан жалпы элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.Алгачкы көмүрдү сатууда ар бир үй-бүлөгө убактылуу 500 кг чейин чектөөлөр киргизилээрин билдиришти.Азыркы күндө жалпысынан 300 тоннага жакын көмүр келип түшүп элге таратылууда.
Свежие комментарии