“Альянс Алтын” ЖЧКсы “Бакубат Талас” фонду менен биргеликте, Кыргызстан калкынын арасында аялдарды онкологиялык оорулардан ичинен өлүмгө биринчилерден болуп кириптер кылган оору — эмчек безинин рагы илдетине карата текшерүүдөн өтүүгө шарт түзүп берди.Текшерүү заманбап маммограф орнотулган көчмө диагностикалык клиниканын жардамы менен жүргүзүлөт. Ал залалдуу шишик ооруларын биринчи баскычтарында аныктап бергендиктен, миңдеген өмүрлөрдү сактап калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аталган көчмө клиника саламаттык сактоо тармагынын адистери багыты боюнча тыгыз кызматташуусу, Талас облусунун райондук борборунда жана айылдарында кызмат өтөй тургандыгы айтылууда. Тартылган сүрөттөрдүн бардыгы Бишкектеги тажрыйбалуу рентгенолог адисине келип, кайрадан үй-бүлөлүк дарыгерлерге жөнөтүлүп турат. Бардык күмөн санаткан жагдайлар атайын программанын жардамы менен көзөмөлгө алынып, текшерилүүчү айым андан аркы кадамдар боюнча кошумча маалыматтарды ала алат. 📌 Бардык каалоочулар үчүн текшерүү акысыз.