Талас районунун Кара-Суу айыл аймагынын тургуну Асанкул уулу Каныбектин айыл жерлеринде спортту өнүктүрүп, жаштарды спортко тартуу боюнча долбоорун колдоп, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан машыгуучу спорттук инвентарлар алынып берилди.Учурда айыл жаштарын машыктырып Республика боюнча турнирлерге катышып ийгиликтерди жаратууда. Дене-тарбия жана спорт тармагында 2022-жыл ичинде фонд тарабынан 12, 2 млн сомго 38 долбоор ишке ашкан.