Билим берүү тармагын жакшыртуу максатында “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Кара-Буура районунун билим берүү бөлүмүнө заманбап оргтехникаларды жана эмерек буюмдарын алып берди. Кара-Буура райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Самара Жарманбетованын айтымында буга чейин эч кандай материалдык колдоолор болбогонун, оргтехникалар талапка жооп берберин жана эмеректердин жетишсиздиги иш алып барууда кыйынчылык жаратаарын билдирген.Бүгүнкү күндө “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондуна долбоор жазып ( 5 даана ноутбук, 3 даана 3в1 принтер, 4 стол, 4 шкаф, 4 даана олтургуч жана проектордун экраны) алынып берилди. Ошондой эле окуучулардын билим сапатын көтөрүүдө, билим берүү бөлүмүнүн ролу чоң экенин билдирди. Учурда Кара-Буура районунда 14 миңден ашык бала билим алууда жана 1000 ге жакын мугалим эмгектенет.
Билим берүү тармагын жакшыртуу максатында “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Кара-Буура районунун билим берүү бөлүмүнө заманбап оргтехникаларды жана эмерек буюмдарын алып берди
от Жуманазарова Бектура | Мар 11, 2023 | Без рубрики | Нет комментариев
Свежие комментарии