26 май күнү кечинде Талас районунун Бердике баатыр айыл өкмөтүндө жана Бакай-Ата районунун Түйтө айылында сел жүрүп 243 гектар айдоо жерди суу каптап кеткен.“Бакубат Талас” фондунан селден жабыркаган айдоо жерлерди кайра айдап себүү иштерине жана жол, каналдарды өз калыбына келтирүү иштерине 21 тонна күйүүчү май жана калктуу түйүндөрдөгү суу берүүчү Акведук жабдыгын оңдоого 300 миң сом каражат бөлүнүп берилди. 21 тонна күйүүчү майдын 11 тоннасы дыйкандарга кайрадан жерди айдап себүү үчүн акысыз берилет (ар бир гектарга 50 литр).Ал эми калган 10 тонна күйүчү май, Бердике баатыр жана Шадыкан айыл өкмөттөрүндөгү селдин кесепетинен улам жараксыз абалга келген жолдорду жана каналдарды кайрадан калыбына келтирүү иштерине сарпталат.Бүгүн, 1 июнда фондубуздун директору Качкымбаев Батырбек селдин кесепетинен жабыркагандарга күйүүчү майлардын талондорун бөлүштүрүп берүү жыйынында талондорду тапшырып келди