2021-жылдын жаз айларында картошканын “Джелли” таза үрөнүн жайылтуу максатында “Бакубат Талас” фондунун колдоосу менен Ысык-Көл областынын Ак-суу айылынан 2019-жылкы картошканын таза үрөнүнөн Бекмолдо айыл аймагынын дыйкандарына 14 тонна алып келип берген.Быйылкы күзгү түшүмдөрүнөн кайра 14 тонна картошканы “Бакубат Талас” фондусуна 28 тонна (эки эсе) кайтарып беришкен.Бүгүнкү күндө чогулган картошканы Талас району, Бакай-Ата ,Кара-Буура жана Манас райондоруна гуманитардык жардам катарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялоочу балдар бакчаларына, интернаттарга, ооруканаларга, жалпы 18 мекемеге таратылып берилди.Алгач эле Кум-Арык айылындагы “Талас атайын жалпы билим берүүчү көмөкчү жатак мектебине” 2 тонна, “Талас келечек балдары” мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коргоо коомдук фондуна , Көк-Ой айылындагы “Бекнур” күндүзгү реаблитациялык борборуна, ошондой эле Талас шаарындагы жана райондорунун ооруканаларына бөлүнүп берилди.Андан соң Бакай-Ата,Кара-Буура ,Манас районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген мекемелерге жана ооруканаларына таратылды.
Свежие комментарии