Талас районунун Өмүралиев айыл аймагынын Манас айылында жеке ишкер Курманбаева Акжибектин менчигинде буга чейин 10 кийим тигүүчү машинага ылаякталган тигүү цехин иштетип келген. Айыл аймагындагы кыз келиндерди жумуш менен камсыз кылуу максатында жогоруда аталган тигүү цехин кеңейтүү жана 50 адамга чейинки жумуш ордуктарын ачуу үчүн “Бакубат Талас” фондуна кайрылып 900 миң сом бөлүнүп, кайтарымдуу каражаттын негизинде 3 жылга бөлүп төлөйт.Учурда 25 адам иш менен камсыз болуп жатат.Алдыда дагы жумуш оорундары ачыларын билдиришти. Тигип жаткан кийимдерди Казакстан жана Россия мамлекеттерине жөнөтүшүп турушат. Айлык маяналары иштеген ишине жараша төлөнөт. Ар бир 10 күндө 3 миң сомдон 10 миң сомго чейин айлык акы алып турушат.