Фондом «Бакубат Талас» для Таласской областной больницы им. Ч. Мамбетова закуплено и установлено современное инкубаторное оборудование для недоношенных новорожденных детей.По словам заместителя директора Алмазбека Асымбаева, каждому из 6, родившихся в течение года в Таласской области, детей требовалась поддержка жизни специальным инкубаторным медоборудованием. Но из-за «старости» оборудования часть детей приходилось возить из Таласа в столицу, что естественно отражалось на здоровье малышей.Из-за недостатка бюджетных средств не было возможности ее заменить на более современную технику. И вот благодаря помощи Фонда «Бакубат Талас», на выделенные 500 тысяч сомов было приобретено и установлено в родильном отделении Таласской объединенной областной больницы современное инкубаторное оборудование для недоношенных новорожденных детей и больных недугом. В свою очередь медработники поблагодарили представителей компании за поддержку и выразили уверенность, что новая техника спасет немало новорожденных.

Ч. Мамбетов атындагы Талас областтык ооруканасынын төрөт бөлүмү буга чейин мөөнөтүнө жетпей ара төрөлгөн ымыркайлардын өмүрүн сактап калууда атайын жабдыктардын эскилигинен кыйынчылык тартып келген. Ошондон улам оорукананын жетекчилигинин ара төрөлгөн балдарды жандандыруучу атайын аппарат сатып берүү жөнүндөгү кайрылуусу фонддун Байкоочу кеңешинин колдоосун таап, 500 миң сомго атайын Россиялык инкубатор сатылып берилди. Бул аппаратта мөөнөтүнөн мурда же кандайдыр бир илдетке чалдыгып төрөлгөн ымыркайлар убактылуу кармалып, жандандырылат. Директордун орунбасары Алмазбек Асымбаевдин айтымында мурда мындай аппараттардын жетишпестигинен, эскилиги жеткендигинен улам көптөгөн наристелердин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болбой келген. Мисалы областтык оорукананын төрөт бөлүмүндө бир жылда 6000 наристе жарык дүйнөгө келсе, ошонун ичинен 1000 ымыркай ар түрдүү паталогиялар менен төрөлүп атайын инкубатордун жардамына муктаж болот. Бул инкубатордун жардамы менен алыскы райондордон ара төрөлүп кыйналган ымыркайларды областын борборуна транспорт менен коопсуз жагдайда жеткизип алууга дагы мүмкүнчүлүк түзүлдү.Дарыгерлер «Бакубат Талас» фондусуна келечек муун үчүн көрүп жатышкан камкордуктарына ыраазычылык билдиришти.