Кечээ, 18-март күнү Талас районундагы Райкан Алканов атындагы ат майданында 21-март нооруз майрамына карата салбуурун боюнча чемпионат болуп өттү. Чемпионатка Чүй облусунун жана Ош облусунун командалары да катышып, куш салуу, ителги салуу, бүркүттү үндөккө чакыруу, жамбы атуу, тайган күлүктүгүн сыноо, тайгандын тазалыгын аныктоо оюндары боюнча жарыш жүрдү.“Бакубат Талас” Фонду чемпионатка өз салымын кошуп, байгелүү орун алган катышуучуларга акчалай сыйлыктарын тапшырып келди.
Оюндун жыйынтыгында:
Куш салуу оюну боюнча:
1-орун — Болот Барпиев
2-орун – Нурлан Эркешов
3-орун – Алтай Турат уулу
Бүркүт үндөкө чакыруу оюну боюнча:
1-орун – Нурсейит Бейшебеков
2-орун – Азамат Калыков
Ителги салуу оюну:
1-орун – Нурсейит Бейшебеков
2-орун – Нурхамед Рамазан уулу
3-орун – Жаныш Кадыркулов
Тайган күлүктүгүн сыноо:
1-орун – Марат Алчынбаев
2-орун – Жумагул Дилдеев
3-орун – Талгат Сооронбаев
Жаш тайган күлүктүгүн сыноо:
1-орун – Канат Тажыканов
2-орун – Мунарбек Токтониязов
3-орун – Канат Тажыбаев
Свежие комментарии