Кара-Буура районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну Илияз Төрөкулов Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылынын Талас-Тараз жолунун жээгинде ”Жетиген 777” үрөн тазалап сактоочу кампасын ачып жалпы 9 адамды жумуш менен камсыздайт.
Бүгүнкү күндө райондун аймагындагы кылкандуу дан эгиндерин чогултуучу техникалардын эскилиги жетип,оңдоо иштерин көп талап кылат.Мындан улам комбайн менен камсыз кылуу максатында “Бакубат Талас” фондунун каржылоосу менен 1,5 млн. сомго каражат алып 1 эгин чабуучу комбайн жана ГАЗ-53 үлгүсүндөгү техникаларын сатып алган.Андан тышкары 248,0 миң сомго трансформатор орнотулуп көчөлөрүнө жарыктандыруулар коюлган.
Бүгүнкү күндө облустун дыйкандарына сапаттуу үрөндөрүн көтөрмөгө берүү иштерин пландоодо.Ошондой эле Россия ,Казакстан өлкөлөрүнүнүн жогорку сапаттагы кылкандуу дан эгиндеринин үрөнү менен камсыздап келет.
Свежие комментарии