Бакай-Ата районундагы К.Манапбаев атындагы жаш өспүрүмдөр спорт мектебине»Бакубат Талас» фондунан ремонттоо иштерине 400 миң сом бөлүндү.

Буга чейин жаш өспүрүмдөр спорт мектеби эски имаратта жайгашып,эч кандай ременттоо иштери жасалган эмес.Дубалдарынын шыбактары урап жараксыз абалга келип жеткен.Азыркы тапта ремонттоо иштери аяктап, айнек ,эшиктери жылууланып иштөөгө даяр болуп турган чагы.