Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы таш майдалоочу заводго кошумча кум жуучу жана транспортоочу лента жабдуусун алуу үчүн жеке ишкер Турсунбаев Рахманалы “Бакубат Талас” фондуна долбоор менен кайрылып 1,5 млн сом кайтарымдуу түрдө колдоо алган.Таш майдалоочу заводдун продукциясын талаптагыдай көрүнүшкө алып келүү үчүн жана кардарларды сапаттуу кум, таштар менен камсыздоо максатында ишкананын сапатына басым жасаган.Учурда ишканада 14 адамга чейин иш оорундуктары көбөйгөн.