Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында кирпич заводун куруу иштери уланып жатат.Аймактарды өнүктүрүү жана ишкана-өндүрүштөрдү ачуу, жаңы иш орундарын түзүү максатында жеке ишкер Бактияр Иманбековдун долбоорун колдоп ”Бакубат Талас” фонду 5 млн. сом акча каражатын кайтарымдуу түрдө бөлүп берген. Ал ишкана чийки кирпич чыгарып келген, бүгүнкү күндө ишкананын мешин курууда 20 дан ашык адам эмгектенүүдө.2022-жылдын жаз айларына аяктап апрель,май айларында алгачкы бышкан кирпичтерин чыгарууга пландоо иштери жүрүп жатат. Ишкана толугу менен ишке берилген соң 60тан ашык жаран иш оорундары менен камсыз болот.Талас областында Бакай-Ата, Талас райондорунда кирпич заводу жоктугуна байланыштуу жылына 40 млн. даанадан ашык кирпич Чүй жана Жалал-Абад облустарынан ташылып келет.Бүгүнкү курулуп жаткан ишканадан күнүнө 20 миң даана кирпич даяр болсо , бир айда 400 миңден ашык бышкан кирпичтер чыгарылат.
Свежие комментарии