«Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун учурдагы долбоорлору менен Талас облусунун башчысы жеринен кабар алды.1-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жана «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун директору Батырбек Качкымбаев менен биргеликте фонд аркылуу иш жүзүнө ашып жаткан долбоорлор менен жеринен таанышып чыкты. Алгач Кара-Суу айылындагы 4 көчөгө 8000 метр электр чубалгылары алынып берилип жалпы 100 түтүн кубаттуу электр жарыгы менен камсыз болушат. Андан соң Талас районуна караштуу Нуржанов айыл аймагында курулуп жаткан спорттук комплексинин курулуш иштери менен таанышты.Аталган имаратты капиталдык ремонттон өткөрүүгө “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун эсебинен 2 миллион 100 миң сом акча каражаты каралган. Айыл өкмөт башчысынын айтымына караганда спорт комплекстин капиталдык ремонт иштерин 2023-жылдын биринчи кварталында аяктоо пландалууда. Талас шаарынын таштанды полигонундагы жаңыдан курулуп жаткан таштандыларды сорттоочу заводдун курулуш иштери менен таанышты. Аталган максаттарга “АльянсАлтын” өнүктүрүү фондунан 6 миллион сом пайызсыз каражат жеке ишкерге бөлүнүп берилген.Бакытбек Нарбеков, таштанды маселесин комплекстүү чечүү зарыл экенин белгилеп, алгач Беккари чуңкуру 1 миллион 400 миң сомго курулганын жана экинчи этабында 6 миллион сомго таштанды сорттоочу завод курулуп жатканын айтты. Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылындагы Бейшен Сатыбеков атындагы орто мектептин эмгек жамаатына фонд аркылуу заманбап үлгүдөгү 5 ноутбук тапшырды. Облус башчысы билим берүү тармагына ар дайым олуттуу көңүл буруу зарыл экендигин айтып мектепте түзүлгөн шарттар менен кеңири таанышты. Андан соң, Кара-Буура районунун Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу, Кара-Суу айылындагы жарыктандыруу иштерин жеринде көрдү. Жарыктандыруу иштери 4.5 чакырым аралыкка жүргүзүлгөн. Шекер айылында курулуп жаткан спорт комплексинин курулуш иштери менен таанышты «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду аркылуу 980 миң сом курулуш иштерине бөлүнгөн. Ошондой эле Шекер айыл аймагынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна фонд аркылуу компьютерге сертификат тапшырылды