“Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Талас шаарынын борбордук аянтында Манас атабыздын айкели тургузулду. Бүгүн, 21-мартта Талас шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш чара болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов катышты.Алгач, Талас шаарынын борбордук аянтында жайгашкан Айкөл Манастын айкелинин ачылышы болуп өттү. Андан соң Нооруз майрамын чагылдырган сахналаштырылган пролог көрсөтүлдү.Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов өз куттуктоосунда:“Кезинде, дүйнөлүк адабияттан татыктуу ордун тапкан жазуучу Чыңгыз Айтматов атабыз да, «Манас» эпосун “руханий байлыгыбыздын туу чокусу” деп таасын белгилеген. Миң жылдык тарыхка ээ эпостун ичинде 600дөн ашуун адам ысымы, 800гө чукул географиялык аталыштар камтылганы, дүйнөнү чар тарабында Манас аттуу жер-суулардын бар экендиги дастандын улуулугунун дагы бир далили болуп саналарын билдирди.Андан соң, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов сөз сүйлөп жалпы Талас облусунун тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктады.Жалпы наркы 8,7 млн сомду түзгөн эстелик, жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу тарабынан белек катары берилди. Ал эми эстеликти алып келүү жана постаментин даярдоо, орнотуу иштерине “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунан 1 160 000 сом каржыланды.Белгилей кетсек, аталган эстеликтин көчүрмөсү 2017- жылдын август айында Түркиянын Стамбул шаарына, дагы бир үлгүсү КР Түркиядагы Элчисинин демилгеси менен Анкара шаарына тургузулган. Бүгүнкү күндө бийиктиги 12 метрди түзгөн (өзү 6 м, постаменти менен 12м) эстеликтин түп нускасы Талас шаарынын борборуна тургузулду. Эстеликтин авторлору КРнын эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Садабек Ажиев жана чебер скульптор Токталы Мурзакаримов. Майрамдык салтанатта Улуттук Манас театрынын атайын концерттик программасы тартууланды. Иш чара улуттук тамак аштардын көргөзмөсү менен уланып, Талас шаардык маданият бөлүмүнүн концерттик программасы менен коштолду.