“Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Талас шаардык балдар өспүрүмдөр спорт мектеби ачылды! Бүгүн, 2-мартта Талас шаарындагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн спорт мектеби кайрадан ишке кирди. Салтанаттуу иш чарага облус башчысы Нурлан Дарданов баш болгон жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, спорт тармагынын кызматкерлери катышты. Эске салсак, 2022-жылдын 25-июнунда аталган спорт мектеби өрт кырсыгына кабылып, мектептин чатыры жана эмеректери күйүп, окуу үчүн жараксыз абалга келген. Имаратты кайрадан калыбына келтирүүгө ”Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунан 6 миллион 126 миң 872 сом каржылык жардам көрсөттү.Атап айтканда: имараттын чатырын жабууга жана сырткы, ички ремонт иштерине 4,7 миллион сом, ал эми, спорт жабдыктарын сатып алууга (груша , перчатка , гантел) 513 360 сом сарпталган.Мындан тышкары, бокс рингин сатып алууга 340 миң сом. 100 балага жана 6 машыктыруучуга спорт формаларын алып берүүгө 578 550 мин сом бөлүнгөн.Спорт мектебиндеги бокс залына, бокс федерациясынын Талас облусу боюнча вице президенти маркум, Талант Жолдошевдин ысымы ыйгарылды. Балдардын спорт мектебинде бокс тайпасы жана шахмат , тогуз коргоол оюндары боюнча 300 бала билим-тарбия алып келет.
Свежие комментарии