“Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Талас облусу боюнча алгачкы Логопедиялык борбор ачылды.Сүйлөө кебинде бузулушу бар балдарга логопедиялык борбор жардам бере баштайт. Аталган борбор Бакай-Ата айылында ачылып, «Сезим» борбору деп аталды. Мында логопед жана массаж боюнча адистер иш алып барат. Мындай колдоо өзгөчө элеттеги ата-энелерди кубантты. Борбордо балдар менен иштөөгө шарттар жетиштүү. Муктаждыктан келип чыккан Логопедиялык борборду ачуу демилгесин «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду колдоого алып, курулуш иштерине жана ички эмеректерин сатып алууга 650 миң сом бөлгөн. Мындан тышкары логопедиялык борборду курууга айыл өкмөтүнүн бюджетинен да 600 миң сом каралган. Ошондой эле кайдыгер эмес тараптардан жардамдар берилген. Башкы максаты сүйлөө жөндөмүнөн жабыркаган балдарды коомго аралаштыруу жана балдарга өз убагында жардам берүүгө, алар менен иштөөгө керектүү шарттарды камсыздоо. Сезим логопедиялык борбору Бишкек шаарындагы тажрыйбалуу логопед-дефектолог адистер менен да кызматташып турат. Бул максатта борбордун ачылышына борбор калаадан атайын адистер келип, катышып, жеринде кеңеш берип, балдары жабыркаган ата-энелердин көйгөйлөрүн угушту. Белгилей кетсек, борборду ачуу демилгесин Бакай-Ата районундагы «Медио Бакай-Ата борбору» жана «Наристе» балдар бакчасынын жетекчилери демилгечи болгон. Логопедиялык борбор бала бакчанын жанына курулган.