«Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун колдоосу менен КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн демилгесин колдоп, арзан көмүр ташып келүү боюнча иштер жүрүп жатат.Бүгүнкү күндө Кара-Кече көмүрүн Талас облусу боюнча район, айыл өкмөттөргө жеткирүүлөр жүрүп жатат.Манас районуна 400 тонна ,Кара-Буура районуна 200 тонна ,Бакай-Ата-районуна 300 тонна ,Талас районуна 300 тонна ,Талас шаарына 800 тоннадан ашык көмүр түшкөн.Баасы башка жеке тараптарга салыштырмалуу арзан кг.5.20 тыйындан сатылууда.2023-жылдын март айларына чейин көмүрлөр ташылып келе берет.Эске сала кетсек былтыр фонд тарабынан 500 миң сом бөлүнсө , быйыл 2 млн.сом кайтарымдуу түрдө бөлүнгөн.