“Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Таласка таштандыларды сорттоочу завод курууга 6 миллион сом бөлдү.Завод Талас шаарынан сырткары жайгашкан, Калба айыл аймагынын жерине курулууда. Долбоорду «Эко Монтис» ЖЧКсы сунуштаган.Учурда курулуш иштери жүрүүдө.Долбоор ишке кирсе , айына 200 тоннага чейин таштандыны кайра иштетүүгө болот.«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 5 жылдык мөөнөткө 6 млн сом пайызсыз кайтарым шартында бөлгөн. Фонддун мындай колдоосу Талас районунун, өзгөчө шаардагы таштандыдан арылууга чоң салым кошот деп ишенет.