“Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду социалдык келишимдерди ишке ашырууда. «Эко Монтист» ЖЧКсы тарабынан кайра иштетилген таштандылардын алгачкыпродукциялары бугун 20-февралда, Талас шаарынын мэриясына тапшырылды.Атап айтканда пластикалык 50 даана канализация капкактары , 400 даана калак , 300 даана кийим илгич жана 200 даана чөмүч берилди. Жер астындагы суу өтүүчү ачыкчуңкурчалардын коопсуздугун жөнгө салуу максатында Талас шаардык «Таза суу» муниципалдык ишканасынына 50 даана пластикалык капкактар (люк) тапшырылды. Ал эми калган буюмдар Талас шаарындагы социалдык мекемелерге таратылып берилет. Эске сала кетсек буга чейин «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун колдоосу менен «Эко Монтист» мусор сортточу ишканасын курууда 6 млн.сом кайтарымдуу пайызсыз каражат бөлүнгөн.Анын алкагында Талас шаарынын мэриясы аркылуу жеке ишкер менен 3 тараптуу социалдык келишим түзүлгөн. Талас шаарында алгачкы таштанды сорттоочу ишканасы курулуп, ишке берилүү алдында турган чагы.Бүгүнкү күндө таштандыдан сорттолгон пластиктерден жасалган алгачкы продукция Бишкек шаарынан жасалып алынып келинген.
Trending
- Талас РИИБнин милициянын аймактык пункту ачылды
- ” Тай-Күлүк” балдар бакчасына балдар ойноочу аянтча курулду
- Шабданбек Жумагулов атындагы Ак-Сай орто мектебинин чатыры бүгүнкү күндө толук жабылып окуу жылына даяр.
- Талас районунун Манас айылындагы Шабданбек Жумагулов орто мектебинин компьютердик классын ачуу боюнча долбоорун колдоду.
- Талас облустук Чолпон Мамбетов атындагы ооруканасынын Көк-Ой айылында жайгашкан бөлүмүнө 905 400 сом каражат бөлүндү.
- Таласта 30 миң долларга чейин бааланган койлордун көргөзмөсү өтүп жатат.
Свежие комментарии