«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду «Коо» каналын оңдоого 10 млн сом бөлдү.Сугат суунун тартыштыгына байланыштуу, ирригациялык каналдардын сугат мезгилине даярдыгын камсыздоо менен облустук суу чарба тармагын жакшыртуу максатында “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Талас районуна караштуу Калба айыл аймагындагы Коо каналына 10 млн сом бөлдү. Союздан калган ички каналдар бүгүнкү күндө иштен чыгып талапка жооп бербей калган.Коо каналы узундугу 3 км , бул каналдагы суунун жоготуусу 75-80% пайызды түзөт.“Коо” каналынан Калба а/ө Балбал айылынын эли жана Бердике Баатыр айыл аймагынын дыйкандары пайдаланып жалпысынан 1500 га жер суу ичет. Бүгүнкү күндө “Эрбек” курулуш жоопкерчилиги чектелген компаниясы жумушту толук жоопкерчилигине алып бетондоо иштерин жүргүзүп жаткан чагы.