“Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Калинин каналын бетондоп оңдоого 5 млн сом каражат бөлдү. Бакай-Ата райондук суу чарба башкармалыгынын долбоорун колдоп “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду 5 млн сом каражат бөлдү. Талас облусунун ирригация тармагындагы каналдарын капиталдык оңдоо иштеринин алкагында, Беш-Таш өзөнүнөн келген Байкай-Ата районундагы Калинин каналынын этегинин 600 метр аралыгын монолит түрүндө бетондоо иштери жүрүп жатат. Калинин каналынын узундугу 18 км түзөт, анын 3,5 км жеринин таманы таш менен төшөлгөн.14,68 км жер канал болуп эсептелинет. Жердин катмары таштак болгондуктан суу фильтрациясы жерге сиңип жоголушу да койгой жаратып келген.Аталган канал менен Талас районун Бердике Баатыр а/а жана Бакай-Ата районунун Шадыкан а/а дыйкандары сугат иштерин жүргүзөт.Жалпысынан 2400 гектар жер сугарылат. Бүгүнкү күндө Калинин каналы боюнча иш уланууда.Жер жумуштарынын 280 метр аралыгы бүткөрүлүп, 320 метр аралыкка дайындыктар жүрүп жатат.Ремонт иштерин 20-апрелге аяктап пайдаланууга берилет.
Свежие комментарии