Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагында жайгашкан административдик мекеме “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун колдоосу менен толугу менен жаңыланып, заманбап талаптарга ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.
Бул долбоор мамлекеттик кызматкерлердин ишин жеңилдетүү, калкты тейлөө сапатын жогорулатуу жана жергиликтүү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн күчөтүү максатында ишке ашырылды.
Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан административдик жана укук коргоо мекемелерин колдоого алуу багытында жалпы 70 долбоор каралып, аларды ишке ашырууга 66 млн сом каражат бөлүнгөн. Бул каражаттар имараттарды оңдоп-түзөөгө, материалдык-техникалык базаны чыңдоого жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.


Свежие комментарии