«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду билим берүү тармагын жакшыртуу максатында иш алып барууда..
Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл аймагындагы А.Токтокожоев атындагы орто мектебинин жыйын залына 60 орундуу олтургучтар алынып берилди.Мектеп директору Чодорова Аиданын айтымында, буга чейин жыйын залындагы олтургучтар жараксыз абалга келип олтурууга мүмкүн болбой калган о.э мектеп жамаатынын атынан терең ыраазычылыгын билдирди.
Жалпысынан Кара-Буура районуна 64 долбоор ишке ашып 39,6 млн сом жумшалган.Анын ичинен «Альянс-Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан Көк-Сай айыл аймагынын Кайнар айылына таза суу маселесин чечүү максатында водозабор орнотууда 678 мин сом ,Шекер айылындагы үй-бүлөлүк даарыгерлер тобуна бир компьютер жана Көк-Сай айылынын борбордук көчөлөрүн жарыктандырууга 1,2 млн сом, Шекер айылындагы спорт залын курууга 950 млн сомго долбоорлор ишке ашкан.
Свежие комментарии