Облус башчысы Бакытбек Нарбековдун Талас облусун арзан көмүр менен камсыздоо демилгесин колдоп «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду 2 млн сом акча каражатын кайтарымдуу түрдө бөлүп берген.Бүгүнкү күндө фонд тарабынан социалдык милдеттендирме боюнча келишимдин негизинде 10 тонна Кара-Кече көмүрүн муктаж болгон мекемелерге жана аз камсыз үй-бүлөлөргө таратылып берилди.