Казакстандын Алматы Шаарында өткөн Армрестлинг кол күрөш боюнча Азия чемпионатынын биринчилигине Кыргызстандын намысын коргоп Анарбекова Айжан 2 салмакта күч сынашып бири кыздар арасында 70 кг. , аялдар арасында 90 кг салмакта кол күрөшүп, 2 жолку Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болуп келди.
Азия биринчилигине Кыргызстандан 63 спортчу катышып жалпы 8 мамлекет катышкан. Талас областынан 3 спортчубуз ийгиликтүү кайтып 4 алытын, 4 коло медалын алып келген.. Анарбекова Айжан 2001 жылы Кара-Буура районун Кызыл-Адыр айылында туулган. Алдыда Грузиянын Батуми шаарында өтүүчү Армрестлинг боюнча дүйнө чемпионатына жолдомо алган
Свежие комментарии