Бакай ата районундагы Бакаташ каналы агып түшкөн сброс суулар менен толуп, канал жээктери кулап Үрмарал айылындагы дыйкандардын жерлерин каптап кетүү коркунучу пайда болгон. Ошондуктан “Беш-Булак” жана “Үрмарал Биримдиги” Суу Пайдалануучулар Ассоциациялары «Бакубат Талас» фондуна кайрылышып, фондтон каналды ремонттоого 227 миң сом бөлүндү.