Талас районунун Козучак айылында суу топтоочу БСРди тазалоо жана кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Кечээ, 10-май күнү Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жана «Бакубат Талас» Фондусунун директору Батырбек Качкымбаев аткарылып жаткан иштер менен таанышып келишти.Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун айтымында: «Бүгүнкү күндө биринчи кезекте ишке аша турган маселелерди чечүү багытында, сугат суу берүү маселеси келе жатат. Ошондуктан бул БСР көп жылдан бери тазаланбай турган, эгер бул ишке кирсе 1881 гектар жер аянты сугат суу менен жеткиликтүү камсыздалат. Аталган долбоор «Бакубат Талас» фонду тарабынан каржыланып 350 миң 800 сомдук күйүүчү майга жана 2 тонна цемент сатып алууга каражат бөлүндү. Бул иш дагы ашар жолу менен жасалып жатат. Буйруса жалпы элге керек, пайдасы тие турган иштер биринчи кезекте ишке ашырылат» – деп белгиледи.