Ушул жылдын 28-январында Кара-Буура районунун Ак-Жар айылындагы А. Калыбаев атындагы орто мектебинде өрт чыгып 2 класс жана коридор эмеректери менен күйүп кеткен. Өрт чыгышынын себеби мектептеги эски контрамарканын айынан болгон.“Бакубат Талас” фонду өрттөн жабыркаган мектепке күйүп кеткен класстарды өз калыбына келтирүү үчүн керектелүүчү эшиктер, пластик терезелер, стропила, рейкалар жана башка курулуш материалдарын алып берди. Мындан тышкары парталар, стулдар, шкафтар, тумбочкалар, электр жылыткычтар жана башка эмеректер алынды.