6-апрель күнү Талас шаарында “6-7 апрель Элдик революция күнүнүн” 11 жылдыгына карата иш-чаралар өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас облусунун райондорунун акимдери, Элдик революциянын баатырлары, курман болгон баатырлардын туугандары катышты.Иш-чараларды өткөрүүгө “Бакубат Талас” Фондунан 500 000 сом бөлүнүп, фондубуздун директору Батырбек Качкымбаев иш-чараларга катышып келди.Иш чара Элдик революциянын баатырларынын эстелигине гүл коюу менен башталып, Талас облустук музыкалык драма театрында Апрель революциясында курман болгон баатырлардын балдарынын эркиндигин, турмушун, келечегин чагылдырган спектакль менен уланды. Иш-чара келген конокторго тамак тартуулоо жана революция курмандарына куран окуу менен аяктады.
6 апреля в Таласе прошли мероприятия, посвященные 11-летию Апрельской революции
от usayirov | Апр 6, 2021 | Без рубрики | Нет комментариев
Свежие комментарии