Айылда таза суу түтүктөрүнүн эскилиги жетип, көп жылдар бою тургундарды суу менен камсыз кылууда олуттуу көйгөйлөр жаралып келген. Айрыкча акыркы үч жыл ичинде эски түтүктөрдүн бат-баттан жарылышы таза суунун туруктуу жетишине тоскоолдук жараткан.

Бул маселени чечүү максатында “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан 4 миллион 378 миң 358 сом каражат бөлүнүп, ичүүчү суу системасы толугу менен жаңыланды. Долбоордун алкагында 2 чакырымдан ашык эскирген түтүктөр алмаштырылып, суу берүү тутуму заманбап талаптарга ылайык кайра курулду.

Мындан тышкары, фонддун колдоосу менен Кум-Арык айылынын таза суу маселеси да этап-этабы менен чечилүүдө.

Ошондой эле, Арашан айылындагы спорт залы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаштардын жана өспүрүмдөрдүн спорт менен машыгуусуна шарт түзүлдү. Мындан сырткары, залга керектүү спорттук инвентарлар алынып берилип, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлдү.

Бул долбоорлор айыл тургундары үчүн көптөн бери күтүлгөн маанилүү социалдык жаңылануулар болуп, калктын жашоо шартын жакшыртууга жана жаштарды сергек жашоого үндөөгө өбөлгө түздү.

Белгилей кетсек, “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду Талас облусу боюнча таза суу тармагында жалпы 25 долбоорду ишке ашырып, 45 миллион сомдон ашык каражат жумшаган.